Президент Садыр Жапаров Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун жашоочулары жана активи менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Темир жол транспорту жана энергетика тармактарында ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында жетишилген натыйжаларды ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугун жакшыртууга багыттоо, Кыргызстандын алдыдагы ондогон жылдарга туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турат.
Алдыга коюлган максаттарга жетүү аймактарды өнүктүрүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеген Садыр Жапаров Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү оң көрсөткүчтөргө токтолду.
“Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы Баткендин жергиликтүү бюджеттеринин өздүк кирешелери 905 млн сомду түзсө, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 1 млрд 683 млн сомго жетти. Башкача айтканда, 2020-жылга салыштырмалуу өздүк кирешелер 2 эсеге көбөйүп, 777 млн сомго өстү.
Биздин негизги максатыбыз — аймактарды республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз каранды кылбастан, жер-жерлерде өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү аркылуу өз кирешелерин көбөйтүү.

2026-жылдын 9 айында Баткен облусунун жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен кошумча 4 млрд 517 млн сом каражат бөлүндү.
Ошондо, жалпысынан, 2026-жылдын 9 айында Баткен облусунда жергиликтүү бюджетти жана аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу 6 млрд 200 млн сомго жакын каражат топтолду жана өздөштүрүлүүдө. Жыл сайын өсүп жаткан мындай көрсөткүчтөргө жетишүү менен бирге, бөлүнгөн каражаттарды туура жана натыйжалуу пайдалануу да өтө маанилүү”, — деп белгиледи Президент.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров 2021-жылы Баткен облусунун дүң региондук продукциясынын көлөмү 27 млрд 83 млн сомду түзсө, 2027-жылга карата болжолдуу эсептөөлөр боюнча 67 млрд 534 млн сомго жетерин белгиледи. Башкача айтканда, 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге өсүш күтүлүүдө. Баткен облусунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдагы 3,9 млрд сомдон 2025-жылы 8,3 млрд сомго чейин өстү. “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 2024-жылы 11, ал эми 2025-жылы 13 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылы дагы жети өнөр жай объектисин пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпысынан алганда, аймакта өнөр жайды өнүктүрүү аракеттери менен жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга, кошумча жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүнү арттырууга, инвестицияларды тартууга жана облустун экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.
“Баткен облусунун өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсиясына ай сайын 2000 сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм белгиленген. Азыркы учурда Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Сүлүктү шаарында жашаган 23 760 пенсионер бул төлөмдү алып жатат. Мынакей, жаңы эле 1-октябрдан баштап, жогорулатуудан кийин, пенсиянын орточо өлчөмү 12 366 сомду түздү. Мындан сырткары, аймактардагы элди социалдык жактан коргоону күчөтүү жана адам капиталын өнүктүрүү максатында бир катар жөлөк пулдар берилүүдө. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул белгиленген. Баткен облусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта аталган жөлөк пулду 9 481 адам ала баштады. Аталган жөлөк пул үчүн ай сайын республикалык бюджеттен 28, 8 млн сом сом бөлүнөт. Баткен облусу боюнча “Бала ырысын” 18 815 адам алууда. Бул жөлөк пул үчүн республикалык бюджеттен ай сайын 24,6 млн сом бөлүнүп турат”, — деп айтып берди Президент.

Саламаттык сактоо тармагына токтолгон Президент Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 50 орундуу оорукана, облустун борборунда 75 орундуу балдар ооруканасы жана перинаталдык борбор курулуп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, облустун бир катар айылдарында республикалык бюджеттин жана башка каржы булактардын эсебинен ФАПтар курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп жана жабдуулар менен камсыздалып элдин кызматында иштеп жатышат. Үстүбүздөгү жылы тармактык министрлик тарабынан Баткен облустук 9 саламаттык сактоо мекемесине 10 даана автоунаа, Баткен облустук үй-бүлүлүк дарыгерлер борборуна 1 адистештирилген унаа берилди.
Мамлекет башчысы билим берүү тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, жер-жерлердеги мектептердин чечилбей келген маселелери 2028-жылга чейин чечилерин билдирди. Тиешелүү министрлик педагогикалык кадрлары менен камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча да тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Маданият тармагына келсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып бул тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга жогорулатылган. Баткен облусунда бир катар маданият үйлөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп, аларды жабдуу, анын ичинде автоунаалар жана музыкалык аспаптар менен камсыз кылуу иштери аткарылган.
“Баткен облусунда 32 тарыхый-маданий мурас объектиси бар. Аларга археологиялык казууларды жүргүзүү жана изилдөө максатында акча каражаттарын бөлүп берип, айрымдарына археологиялык казуу жумуштары жүргүзүлдү. Археологиялык эстеликтерди паспорттоштурууга да каражат бөлүнүп берилген. Алдыда тарыхый эстеликтер жайгашкан аймактарга барчу жолдорду оңдоп-түзөөгө жана алардын инфратүзүмүн жакшыртууга да көңүл буруп жатабыз”, — деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Баткен облусунун өзгөчөлөнгөн кол өнөрчүлүк буюмдарын жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүнү айкалыштыруу аркылуу өзгөчө региондук бренд түзүү зарылдыгына да өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле ал учурда Баткен облусундагы 38 социалдык жана өндүрүштүк объекттин 30унда курулуш жана капиталдык оңдоо иштери аяктаганын маалымдады. Калган сегиз объектти жыл аягына чейин бүтүрүү мерчемделүүдө. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания 4 миң 116 батирге ылайыкталган турак жай комплекстерин куруп жатат.
“Республикалык бюджеттин эсебинен бир катар көйгөйлөр четинен чечилүүдө. Мындан сырткары, жер көчкү коркунучунда турган турак үйлөрдү көчүрүүгө шаар сыртынан Кароол-Кыштак жана Майтоңбос участкаларынан жер бөлүү маселеси каралып жатат, буюрса чечилет. Ал эми башка шаарларга да мүнөздүү болгон Сүлүктүнүн таза суу жана саркынды суу системалары эскилиги жеткени белгилүү. Бул багытта таза суу линияларын реконструкциялап, зарыл болгон жерлерине альтернативдик суу кууру салынат. Мындан сырткары, шаардын 15 чакырым негизги жолуна альтернативдүү жол салуу жагын адистерибиз караштыргандан кийин, каржы булактарын аныктап, ал жолду дагы баштайбыз. Ошону менен катар Сүлүктүгө поликлиника курууга долбоордук-сметалык документация даяр болгондон кийин республикалык бюджеттин эсебинен курулуш иштери башталат. Лейлек районунун аймагындагы маселелерге келе турган болсок, сел алуу коркунучу бар кооптуу участкаларга дамбаларды куруу боюнча долбоордук-сметалык документтер жасалгандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш алып барат. Сугат суусу менен камсыз кылуу жаатында ички каналдарды тазалоодон сырткары, сугат суу скважиналарын куруу пландарыбыз бар. Ал эми убакыттын өтүшү менен адам саны өсүп жатат, айылдарда жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жай курууга жер тилкелери бөлүнүүдө”, — деп мамлекеттин жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.
Чек ара маселесин жөнгө салуу боюнча мамлекет тарабынан аткарылган иштерге токтолуп, Садыр Жапаров мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери да аяктаганын баса белгиледи. Эми айрым маселелер гана калды. Алардын катарына чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөргө, чек ара тосмолорун орнотуу учурунда бузулган объектилер үчүн кенемте берүү, ошондой эле чек араны тактоо процессинде коңшу мамлекет өткөрүп берген үйлөрдү бөлүштүрүү маселелери кирет. Бул маселелер Министрлер Кабинетинин Төрагасы жетектеген комиссиянын кароосуна берилет.
Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров Сүлүктү шаарын жана Лейлек районун мындан ары социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттин пландары бар экенин айтты.

“Жасалып жаткан ар бир иш, ар бир аракет аймактарды, анын ичинде сиздердин районду жана шаарларды алдыга жылдырууга багытталат. Элибизде ынтымак болсо, ар бир мекемеде мекенчил жаштарыбыз, тажрыйбалуу адистерибиз болсо, биз алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз”, — деп сөзүн жыйынтыктады.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.