"Эркин-Тоо"

Президент таза суу боюнча мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Бул долбоордун ишке кирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 27620дан ашуун адам үчүн коопсуз таза суу жеткиликтүү болот. Аталган долбоор өлкөнүн суу тармагынын мындан аркы өнүгүүсүнө, негизинен, ичүүчү суу системасын реаблитациялоо жана курууга багытталат. Аны менен бирге, долбоорду ишке ашыруу суунун сапатын жакшыртууга өбөлгө болуп, ошондой эле калк арасында сапатсыз ичүүчү суу аркылуу берилчү ооруулардын саны кыскарат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!