Президент: «Жаңы Конституция — улуттук мамлекетти чыңдоого, коомдогу баш-аламандыкка чек коюуга өбөлгө болот»

31-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 23

«Жаңы Конституция — улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз», -деди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө.

Анын айтымында, Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар.

«Ушундай оор шарттарда Кыргызстан ириде коом ичиндеги терең пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алды! Биз бул мүдөөлөрдөн тайбайбыз!», — деди мамлекет башчысы.

31-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X