Президенттин тапшырмасы: Арча-Бешикте жаңы мектептин курулушу аяктады

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин 570 орундуу жаңы имаратынын курулушу толугу менен аяктады. Үч кабаттуу мектеп эки нөөмөттө иштеп, 1000ден ашык окуучуга билим алууга шарт түзөт.

Мектеп Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2026-жылы курулушу башталган 20 мектептин бири. Имарат республикалык бюджеттин эсебинен салынып, заманбап талаптарга ылайык жабдылды.

Жаңы корпуста окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорт залы бар. Мындан тышкары, окуучулар үчүн сырткы спорт аянтчалары уюштурулуп, мектептин аймагы көрктөндүрүлдү.

Курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты жана долбоордук талаптардын аткарылышы министрликке караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөндү.

Жаңы мектептин ачылышы Арча-Бешик конушундагы балдар үчүн билим алууга шарттарды кеңейтет.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X