Президенттин тапшырмасынын жыйынтыгы. Төө-Моюнда медициналык жардам жеткиликтүү болду
Төө-Моюн айылынын тургундары үчүн медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү кыйла жакшырды. Бул өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынан кийин кабыл алынган чечимдердин негизинде ишке ашууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө ал медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иштер менен таанышты.
Буга чейин, апрель айында мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Төө-Моюн айылынын тургундары медициналык жардам алуудагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылышкан. Аталган маселени чечүү максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү.
Министр Дамир Осмоновдун чечими менен айылдын 20 миңге жакын тургуну Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна бекитилди. Натыйжада жашоочулар үчүн жакынкы медициналык мекемеге жетүү аралыгы кыскарып, дарыгерлердин кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейди.
«Элдин кайрылуусу — чечимге, чечим — реалдуу өзгөрүүгө айланууда», — деген принцип менен иш алып баруу менен саламаттык сактоо тармагында калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда.
Төө-Моюн айылынын тургундары эми медициналык кызматтарды мурдагыга салыштырмалуу тезирээк жана ыңгайлуу шартта ала алышат.