Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев:
“Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү каалаган инвесторлорго эшигибиз ачык”
“Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” демекчи, жаш жетекчи, КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен облустагы социалдык-экономикалык абал, 100 күн аралыгындагы аткарылган иштер, 2021-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар туурасында маек курдук.
— Мирбек Көкүлбаевич, облуска жетекчи болуп келгенде ишти эмнеден баштадыңыз?
— Мамлекеттик кызматта бардык тепкичтерди басып өтүп келе жатканыма 15 жылга жакындап баратат. Көп жыл Чолпон-Ата шаарында иштедим. Анда мэрия эмес, Чолпон-Ата шаар башкармалыгы эле, ал жерде вице-мэр болуп эмгектендим. Эл менен түздөн-түз иштеген райондук, облустук мекемелерде, министрлик, агенттиктерде ар кыл тармакта иш алып бардым. Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп келгенде көйгөйлөрдүн баары тааныш болуп чыкты. Андыктан, көйгөйдү чече турган жагына өтөйүн деп министрликтердин баарын кыдырып, ар бирине экиден пакет документ таштадык. Биринчиси, ошол министрликке тиешелүү болгон көйгөйлүү маселелер тизмектелген, ал эми экинчиси ошол көйгөйлөрдү камтыган эки күндүк график. Мындан улам, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри А.Жаныбеков иш сапары менен келип, облустук, райондук түзүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда штабдын отуруму өтүп, Ысык-Көл облусунун аймагында айыл чарба өндүрүшүн көтөрүү жана региондорду өнүктүрүү багытында иш алып барууга облустук штабдын чечими кабыл алынды. Ошондой эле, КРнын билим берүү жана илим министри Б.Купешев, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж.Бакашова, КРнын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.Бейшеналиев, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.Калманбетов жана Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Турсун уулу Замир, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору К.Абдыкалыков, КРнын энергетика жана өнөр жай министри Д.Бекмурзаевдер облуска жумушчу сапарлары менен келип кетишти.
— Министрлердин иш сапары учурунда көйгөйлүү маселелер оң жагына чечилдиби?
— Ооба, ошол министрликке таандык майда маселелерди министрлер жеринде чечип жатышты. Экинчиден, чоңураак маселелерге протоколдун негизинде тапшырма беришти. Учурда ошонун негизинде иштер жүрүп жатат. Бул иш сапарлар менен жер-жерлерде орун алган бир кыйла көйгөйлүү маселелер чечилди десем жаңылышпайм. Ушундай аракеттердин натыйжасында Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө отчёттук мезгилде дээрлик бардык тармактар боюнча өсүү темпи камсыздалды. Өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси Кумтөр жана электр түйүндөрүнүн продукциясын кошпогондо 2,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми айыл чарбасынын өсүү темпи 101,8%, рыноктук кызматтардын көлөмү 118,3%, чекене товар жүгүртүү 107,9% аткарылды. Республикалык бюджеттин, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен бир топ социалдык объектилер салынды. Учурда 16 соцобъект республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Буюрса жыл аягына чейин бүтөт.
— Ысык-Көл облусу туристтик аймак эмеспи. Пандемия учурунда туристтик сезон токтоп калбашы үчүн кандай иш-аракеттерди көрдүңүздөр?
— Мен кызматка келгенден баштап эле иш планыбыз COVID менен башталды. Чолпон-Ата шаарында жана башка аймактарда вируска каршы 2-3 жолу көчмө жыйындарды өткөрдүк. Себеби, туристтик сезонго даярданышыбыз керек эле. Былтыр чектөөлөр кирип, туризм тармагы солгундагандыктан, быйыл чектөө киргизбештин аракетин жасадык. Ал үчүн алдын ала даярдоо жумуштары жүрдү. Обсервация үчүн Ысык-Көл районунда 500 адамга ылайыкталган орундуктарды койдук. Эки чоң «кызыл зона» даярдадык. Мунун баары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте даярдалды. Ошентип, быйыл туристтик сезонго чектөө кирген жок.
— Балыкчы–Бөкөнбаев унаа жолу да курула баштады. Бул боюнча эмне айтасыз?
— Бул боюнча Президентибиз Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз. Себеби, Балыкчы–Бөкөнбаев жолу канча жылдан бери абдан көйгөйлүү маселе болуп келген. Жол өтө ичкерип кеткен. Оор жүк ташуучу унаалар көп жүргөндүктөн, жолдор талкаланып, унаа жүрүүгө мүмкүн эмес болчу. Учурда ажобуздун жеке демилгеси менен жакшы иштер башталды. Экинчиден, ал жолду Кыргыз жолчулар ассоциациясы жасаганы символикалуу көрүнүш болду. Себеби, буга чейин мындай чоң долбоорлорду чет элдик компаниялар аткарып келген. Эми минтип мамлекеттин эсебинен жасалып жатат. Ал эми Каракол шаарынын негизги артериясы болгон Токтогул–Торгоев жана Прежевальск көчөлөрүнө асфальт төшөлдү. Ал эми ички жолдорго каражаттын жоктугунан жаңы асфальт төшөөгө мүмкүнчүлүк болбой, азырынча токтоп турат. Бирок, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
— Эл аралык кызматташуу багытында алгылыктуу иштериңиздер барбы?
— Учурда Россия Федерациясынын Челябинск жана Свердлов облустары менен сүйлөшүүлөр болууда. Казакстан менен бизнес форум өткөрүүнү сентябрдын аягына пландап жатабыз. Бул ишкерлер үчүн ачык аянтча болот. Биз буга чейин Көлдө жасалган долбоорлорду Казакстанга жөнөттүк. Анда облуста үч тоо лыжа базасын салуу, 4-5 завод ачуу жана башка 40ка жакын долбоорлор бар. Азыркы тапта казак тарап биздин долбоорлорго кызыкдар болгон ишкерлерди издеп жатышат. Татарстан менен да ушундай маселе боюнча аракеттер жүрүүдө. Жакында эле ал жакка барып келдим. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын колдоосу менен Казань университетинин Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин базасында филиалын ачууга макулдашып жатабыз. Учурда кагаз иштери Министрлер Кабинетинде жүрүп жатат. Буюрса, документ иштери бүтсө, филиалын ачабыз. Студенттер эки форматта окушат. Тактап айтканда, эки жыл Караколдо, эки жыл Казанда окуп, эки диплом алып чыгышат.
— Андай болсо кандай факультеттер жана адистиктер менен толукталышы мүмкүн?
— Фармакология, теология, IT жана тоо-кен тармагы боюнча адистиктерге макулдаштык. Бул багытта иштер жүрүүдө. Казань университети Россияда ТОП-5ке кирген университет. 60 миң студенти, 17 млрд рубль бюджети жана 700дөн ашык окуу корпустары бар экен. Башкача айтканда, биздин бир райондун калкынын саны менен барабар, өзүнчө бир шаар. Кудай буюрса, ушундай чоң окуу жайдын филиалын ачканга мүмкүнчүлүк алдык.
— Быйылкы жай кургакчылык менен коштолду. Сиздерде тоют маселеси, дан эгиндери боюнча абал кандай?
— Тоют, дан эгиндери боюнча абал курч бойдон. Тилекке каршы, кургакчылыктан талаалардагы өсүмдүктөрдүн баарын сактап калганга мүмкүнчүлүк болбоду. Аймактарды кыдырып, суу бөлүштүрүү графиктерин карап, туура бөлүштүргөнгө жана иштетилбей жаткан скважиналарды иштеткенге аракеттендик. Анткен менен баарына жетише алган жокпуз, аны моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан, быйыл күзгү сугатты уюштуралы деп жатабыз. Күзүндө көп жылдык чөптөрдүн көбүн сугарып алышыбыз керек. Себеби, жаз келгенде суу дан эгиндерине кетиши зарыл. Күзүндө чабыктан кийин сугарылган суу жазындагы биринчи чабыкка чейин баары бир нымдуулукту сактап турат. Ошол убакта биринчи чабыкка чейин сууну дан эгиндерине берип алсак, экинчи чабыкта чөпкө суу жетет. Андан соң дан эгиндерин экинчи ирет сугарууга да жетишебиз. Мына ушинтип сугаруу процесстерин жасап албасак, эмки жылы мындан да кыйын болуп калышы мүмкүн. Ушул тапта ушундай конкреттүү тапшырмаларыбыз бар. Буюрса, сентябрдын аягынан баштап сугат иштерине толугу менен отурабыз. Рейд уюштуруп, кадимкидей талааларды кыдырабыз. Андан сырткары Айыл чарба министрлигинен үрөн алуу боюнча макулдаштык. Облустарга бөлүнгөн квотанын негизинде беребиз деп убадалашты. Өзүбүз да издеп жатабыз. Дыйкандарды үрөн менен көбүрөөк камсыздап, тоңдурма сугат суу маселелери боюнча иш алып барсак, баары жакшы болот деген үмүттөбүз.
— Жакында Президент иш сапары менен келип, жергиликтүү калкты иш менен камсыздаган фабрикалардын ачылышына катышты. Бул боюнча ой бөлүшсөңүз?
— Президенттин иш сапары эки чоң иш-чараны камтыды. Биринчиси, Көлдөн чыккан үч улуу инсандын Ж.Абдрахмановдун, К.Тыныстановдун, К.Карасаевдин быйыл 120 жылдыгын белгиледик. Буга чейин райондук, шаардык деңгээлдеги иш-чаралар, илимий конференциялар, эскерүүлөр өтүп келген. Биз Президенттин Жарлыгына ылайык Ж.Абдрахмановдун эки китебин Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун эсебинен буюрса биринчиси басылып, экинчиси басмага даярдалып жатат. Жакында типографиядан чыгат. Ошондой эле, аты аталган үч инсандын 120 жылдыгын жалпылап ат оюндарын уюштуруп, чоң той сыяктуу жайлоодо өткөрсөк деп максат койгонбуз. Бирок, элдин убаракерчилигин, аба ырайын байкап, бул оюбуздан баш тартып, протоколдун негизинде жөнөкөйлөштүрүп, Президенттин катышуусунда өткөргөнгө аракет кылдык.
Аны менен катар Президенттин катышуусунда цехтердин ачылышы болду. Бизде Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бир канча жылдан бери облусубуздун социалдык көйгөйлөрүн чечип келет. Фонддун эсебинен облуста бир канча мектеп, клуб, спорттук аянтчалар салынды. Компания бир мектеп салса да ошол айылдагы каруу-күчкө толгон жаштарды алып иштетти. Биз фонддун иштөөсүнө бир аз өзгөртүү киргиздик. Анткени, Президенттин да, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын да “Губернатордун, акимдин милдети өзү жетектеген аймакта жумуш орундарын түзүп берүү”, — деген тапшырмасы бар.
— Бул тапшырманы аткаруу үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?
— Алгач, кайсыл тармактан жумушчу көп чыгарын карап, байкап көрдүк. Башында мал чарбасына басым жасайлы дедик. Себеби, Ысык-Көлдө ири мүйүздүү малдын саны союздун мезгилине жетиптир. Анткен менен учурда жайыт маселеси көйгөй жаратат. Туризм тармагын алалы десек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун акчасына чоң бир нерсе жасоого болбойт. Ошентип, изилдеп көрүп, жеңил өнөр жай тармагына токтолдук. Бүгүнкү күнү өлкөгө эң көп каражат алып келген мигранттар жана өнөр жайы болууда. Алгач облустагы 188 айылга жок дегенде 160 ишкана ачалы дедик. Бирок, кайра ал оюбуздан кайттык. Бул бизнес, рынок. Бүгүн буйрутмаң болсо иштейсиң, эртең буйрутмаң жок болсо ишиң токтоп калат. Бул жагын ойлонуп отуруп, жалпы өлкө боюнча кийим тигүү жагын изилдедик. Аны үчкө бөлүп кароого болот экен. Биринчиси, Россия, Казакстан, Түркияга экспорттоо жолу, мындай фабрикалар биздин өлкөдө 20 чакты экен. Экинчиси, 50-100 адамды иш менен камсыздап, бирок Дордой аркылуу саткан орто ишкерлер. Ал эми үчүнчүсү 50 жумушчуга чейин иштеткен кичи ишкерлер. Бул жерде эң чоң маселе бар эле. 2025-жылы Россия Федерациясына ЕАЭБдин алкагында бир дагы товар маркировкасы жок кирбейт. Эгер жогоруда айткан орто жана кичи тигүү цехтерине басым койсок, анда биз баштаган долбоор 2025-жылы токтоп калмак. Ошондуктан, экспортко чыгарган фабрикалардын жетекчилерин чакырып, үч нерсени сунуштадык. Биринчиси, биз бюрократиялык нерселерди жасабайбыз деген убадабызга турдук. Мисалы, Жети-Өгүздө ачылган фабриканын трансформаторун эле коюп, калган линияларды, сууларды тартып келүү иштерин толук чечип бердик. Документ иштеринде да бюрократияны болтурбай, ар бирин көзөмөлдөп жатабыз. Экинчиси, колубуздан келишинче жер же эски имараттарды таап берүүдөбүз. Мисалы, Түп районунда он жылдан бери кароосуз турган имарат азыр ишке кирип, 200дөй адам иштеп баштады. Үчүнчүсү, биз фонддон пайызы жок насыя бердик. Элдин жумушка суусап турганын байкадым. Мисалы, Жети-Өгүз районунда 300 орунга 486 адам жазылды. Ал эми Түптөгү фабрика үч айылдын эле кыз-келиндери менен толукталып калды. Андыктан, дагы да жумушчу топтоп, ишканаларды ачууну пландап жатабыз. Эгер биздин облуста жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү каалаган инвесторлор болсо эшигибиз ачык.
Жазгүл КАРБОСОВА