Принц Филиппти акыркы сапарга узатууга 30 адам чакырылды

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 16

Эртең, 17-апрелде Виндзор сепилинде британия королевасы Елизавета экинчинин жубайы принц Филипптин сөөгү жерге берилет. Коронавируска байланыштуу бул зыйнатка 30 гана адам чакырылды. Алардын катарына Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон да кирбей калды деп маалымдады Euronews.

Маркумдун табыты Ыйык Георгий кичи чиркөөсүнө атайын ылайыкталган Land Rover автомобили менен жеткирилет. Аза жүрүшүн британ тактысынын мураскери принц Чарльз жана принцесса Анна баштап барат.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 16
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X