"Эркин-Тоо"

РАВШАН ДЖЕЕНБЕКОВдун «ЭЛ МЕНЕН» ПРОГРАММАСЫ

МЕНИН МАКСАТЫМ:

Үч жылдын ичинде укуктук негиздерди даярдап, президенттик кызматты жоюу. Мен акыркы, бирок Элдик президент болом.

1. ЭЛДИК ПРЕЗИДЕНТ

Президенттин чыгымдары кескин кыскарат. Президент өз үйүндө жашайт. Президенттин чыгашалары 10 эсе кыскарат. Президент бардык улуттарга, диндерге, саясий көз караштарга бирдей мамиле кылат, укуктарын коргойт.

2. АДАМ – ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫК

Билим берүү тармагы чет тилдерге, маалыматтык технологияларга, математикага жана эркин ой жүгүртүүгө басым жасайт. Медицина кызматы жана билим ар бир жаранга бюджеттен бөлүнгөн персоналдык-ваучердик жол менен төлөнөт.

3. АКЫЙКАТ ЖАНА ЭГЕМЕНДҮҮ СОТТОР

Сотторду таңдоо кеңеши кайрадан куралат. Аудио жана видео жазуу мамлекет тарабынан камсыздалып, тараптарга соттун катчысы тарабынан милдеттүү түрдө берилет. Адвокаттар өз алдынча иликтөө жүргүзөт. Адвокаттын лицензиясы мамлекет тарабынан кайтарып алынбайт. Адвокаттарга лицензия берүү жана алуу адвокаттар ассоцияциясы аркылуу чечилет.

4. БИЙЛИК ЭЛГЕ БЕРИЛЕТ

Губернаторлорду, мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын эл шайлайт. Жергиликтүү бюджет, жергиликтүү салыктар жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт жана аныкталат.

5. АЧЫК ЖАНА АДИЛЕТТҮҮ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ

Генералдык прокуратура Юстиция министрлиги менен бириктирилип өкмөттүн курамына киргизилет. УКМК жоюлат да анын базасында чалгын жана контрчалгын уюмдары түзүлөт. Өкмөткө караштуу бирдиктүү Тергөө комитети жана Коррупция менен күрөшүү агенттиги түзүлөт. Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти сактоо функциялары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилет. Күч структураларынын үстүнөн парламенттик көзөмөл күчөтүлөт.

6. ЧАКАН ЖАНА ПРОФЕССИОНАЛДУУ ӨКМӨТ

Өкмөт чакан болот. Өкмөткө дүйнөнүн мыкты окуу жайларынан билим алган жаш профессионалдар тартылат.

7. ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИНДИК

Орто жана чакан бизнеске салыктын басымын төмөндөтөбүз. Жеке менчик көздүн карегинде кол тийгис болот. Ишкерлер эл аралык арбитражга кайрылуу укугуна ээ болот. Салык жана экономикалык мыйзам бузуулар боюнча ишкер соттун акыркы чечими чыкмайынча эркинен ажыратылбайт жана ишкана жабылбайт.

8. БИЗ ЗАМАНБАП ДҮЙНӨГӨ БАГЫТ АЛАБЫЗ

Эл аралык укук биз үчүн приоритеттүү болот. БУУнун Адам укуктар комитетинин жана башка авторитеттүү гуманитардык уюмдардын чечимдерин сыйлайбыз. Биздин жарандар үчүн Европага, Америкага жана Азиянын өнүккөн өлкөлөрүнө жол ачабыз.

9. ЭРКИН АДАМ – ЭРКИН ӨЛКӨ

Адам укугу, эркиндик жана демократия президенттик саясаттын пайдубалы болот. Президент сөз, чогулуш жана дин тутуу эркиндиктеринин гаранты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!