Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners компаниясы менен инвестициялык кызматташууну талкуулады
Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров James Cubitt & Partners эл аралык компаниясынын төрагасы Суадад Сумайдаи жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда инвестициялык кызматташтыктын багыттары, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана Кыргызстанда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул жолугушуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган диалогдун уландысы болду. Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусундагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
«Кыргызстан узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга жана экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзгөн долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Биз эл аралык инвесторлор менен кызматташууга ачыкпыз жана келечектүү демилгелерди иштеп чыгууга, ошондой эле долбоорлорду илгерилетүүнүн бардык баскычтарында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушууда James Cubitt & Partners компаниясынын И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында онкологиялык ооруларды дарылоочу Улуттук клиниканы куруу демилгеси талкууланды. Долбоор заманбап нур терапиясы технологияларын киргизүүнү камтыйт жана ага тартылуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 500 млн АКШ долларына бааланууда. Тараптар демилгени мындан ары иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Мындан тышкары, катышуучулар Кыргызстандагы келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга британиялык инвесторлорду тартуу жана компаниянын долбоорлоо, инженердик консультация берүү, долбоорлорду башкаруу жаатындагы эл аралык тажрыйбасын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.