Республиканын 10 айылында суу тазалаган шаймандар орнотулду
“Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарынын өзгөчөлүктөрүн жана сапатын текшерүү” долбоорунун алкагында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бордордук Азия чөлкөмүндөгү экология жана айлана-чөйрөнү изилдөө илимий борбору менен бирге, Кытай Эл Республикасынын Илимдер Академиясынын каржылык колдоосунун алдында түтүктөргө суу тазалоочу шаймандар орнотула баштады.
Маалыматка ылайык, учурда суу тазалаган шаймандарды Республиканын 10 айылына орнотуу каралган. Алсак, аппараттар бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы «Бугу-Эне-Багыш» калктуу конушунда, Нарын облусунун Сары-Ой айылында, Ош облусунун Бөксө-Жол айылында, Чүй облусунун Төмөнкү-Серафимовка айылында жана Талас облусунун Түйтө айылында орнотулду.
Учурда дагы 5 айылга шаймандарды жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетчү жагдай, 2018-жылы калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун алкагында, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу “Достук” айылында суу тазалаган аппараттар коюлган.
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/whatsapp-image-2021-09-03-at-13.59.55-1.jpeg?v=1630988585″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19442″ class=»wp-image-19442″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/whatsapp-image-2021-09-03-at-13.59.55-2.jpeg?v=1630988587″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19443″ class=»wp-image-19443″ />