Россияда бир күндө 1000ден ашуун адам каза болууда

1-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 24

Коронавирус инфекциясынын күч алгандыгына байланыштуу Москва шаарында жарым жартылай чектөөлөр киргизилди.  Маалыматка ылайык борбор калаада кийим-кече саткан дүкөндөр, кафе жана ресторандар толугу менен жабылып, тамак ташуу кызматы гана ишин улантууда. Бала-бакчалар жана мектептер мөөнөтүнөн мурда каникулга тарашты. Сулуулук салондор, спорттук борборлор, автосервистер жана башка кызматтарды көрсөткөн ишканалар дагы ишин токтотту.

Ал эми театрлар жана музейлер кардарлардын эмдөө алгандыгы тууралуу тастыктамаларынын негизинде гана  иштерин улантышууда. Ири иш-чараларды уюштурууга бөгөт коюлду. Коомдук жайларда бет кап тагынуу жана аралыкты сактоо талабы кайрадан күчүнө кирди.

Калаа башчысы Сергей Собяниндин айтымында,  санитардык нормаларды сактоо жана чектөөлөрдү киргизүү жолу менен гана илдеттин жайылышын басаңдатуу мүмкүн. Эске салсак, Москва шаарында акыркы бир айдын аралыгында вируска кабылгандар көбөйүп, илдеттин курмандыгына айлангандардын саны кескин өскөн.

Расмий маалыматка ылайык акыркы суткада бир гана Москвада 8,5 миң адамга коронавирус жугуп, 95 бейтап каза болгон. Ал эми Россиянын аймагындагы көрсөткүчтөр боюнча, бир күндө 1000ден ашуун адам каза болууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X