Россияда COVID-19дун бир нече штаммы менен ооругандар кескин көбөйдү
Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө илдетти жугузуп алгандардын жана ооруканаларга түшүп каза тапкандардын саны акыркы күндөрү кескин өстү. Буга COVID-19дун дельта жана башка штаммдарынын калк арасында арбын жайылып кетиши себеп болгон.
РФтин эмгек сиңирген дарыгери Владимир Круглыйдын билдирүүсүндө, адистер толугу менен изилдеп бүтө элек коронавирустун жаңы түрлөрү өлкө аймагында жайылып жатышы толук мүмкүн.
«Инфекциянын мурдагыдан да курч жана тез жуга баштагандыгы муну тастыктап жаткандай. Илдеттин инкубациялык мөөнөтү да кыскарып, вирусту жуктуруп алган адамдардын абалдары бир нече күндүн аралыгында начарлап кетип жатат. Москва жана башка ири шаарларда илдет менен күрөшүү канчалык бир деңгээлде жөнгө салынса, аймактарда абал начар. Ооруканалар бейтаптарга толуп, каза болгондордун саны өсүүдө», — дейт дарыгер.
Владимир Круглыйдын айтымында, илдеттин күч алганы жана вирустун мутацияга тез кабылышы калк арасында эмдөө жай жүргүзүлүп жаткандан болууда. Анын кесепетинен өлкөдө акыркы мезгилде эпидемиологиялык абал начарлап, бир суткада Россиянын аймагында миңден ашуун адам каза болууда.