Россияга кирүүдө жаңы эрежелер. Кыргызстандыктар эми QR-код менен өтөт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүү үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирерин маалымдады.
Маалыматка ылайык, жаңы талаптар КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына да тиешелүү болот.
Жаңы тартипке ылайык, Россия Федерациясынын аймагына кирүү үчүн жарандар төмөнкү кадамдарды аткаруусу керек:
— App Store же Google Play аркылуу «RuID» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу;
— паспорттук маалыматтарды көрсөтүү менен каттоодон өтүү;
— сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, ошондой эле бара турган аймакты көрсөтүү;
— жеке кабинетке сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын жана үн жазуусун жүктөө;
— кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу.
Белгиленгендей, QR-код берилген күндөн тартып 90 күн бою жарактуу болот.
Министрлик арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш экенин эскертти. Ал эми жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин 4 саат мурда тапшырууга уруксат берилет.
Мындан тышкары, Россия Федерациясына кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациядан өтүүсү талап кылынат. Бул жарандарды сүрөткө тартууну жана манжа издерин алууну камтыйт.
Ошондой эле эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашырган кесипкөй айдоочулар үчүн Россияда убактылуу болуу мөөнөтү узартылганы маалымдалды. Эгерде алар өлкөгө кирүүнүн жана жүрүүнүн максаттары боюнча белгиленген тартипте арыз беришсе, алардын убактылуу жүрүү мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.
Эмгек министрлиги Россияга эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу максатында барууну пландаган жарандарды жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, «RuID» тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүгө чакырды. Министрликтин маалыматына ылайык, бул чек арадан өтүүдө жаралышы мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.