Россиялык инвестициялык фонд Кыргызстанга кандай долбоорлорду сунуштады?

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34

Россиялык Central Asia Capital инвестициялык фондунун өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен жолугуп, Кыргызстанда бир катар долбоорлорду ишке ашырууну сунушташты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фонд Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа кураштыруучу завод жана индустриялык парк курууну сунуштады. Ошондой эле Бишкек шаарына жакын аймакта индустриялык парк түзүп, электр унаалары үчүн кубаттоочу инфраструктура тармагын өнүктүрүү демилгеси көтөрүлдү.

Мындан тышкары, Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо долбоору сунушталды.

Тараптар бир катар долбоорлор боюнча мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.

4-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X