"Эркин-Тоо"

Сабырбек Түгөлбай уулу: “Бизди эч ким колдобой, атамдын керээзи аткарылбай калды”

Быйыл Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Улуу жазуучу менен кимдер гана сыймыктанбайт. Кыргыздын алп жазуучусу Түгөлбай атабыз өз чыгармалары менен түбөлүккө коомчулуктун жүрөгүндө жашай берет. Анткен менен бул инсандын жашоодо кандай адам болгону баарыбыз үчүн кызык. Андыктан, Түгөлбай атанын үйүнүн босогосун аттап, кичүү уулу Сабырбек агай менен баарлашып кайттык.

“Атамдын бою 178 см, салмагы жүздөн ашчу”

-Мен 1947-жылы туулгам. Биз үч уул, бир кыз, төрт бир тууганбыз. Мен уулдардын кичүүсү, көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, атама жакын элем. Табиятымдан жоош болуп, атамдын какыс-кукусуна кабылган жокмун. Бирок, эки-үч жолу чектен чыкканымда атамдын кулагымды толгоп жазалаганы эсимде. Бизден өзгөчө Арстанбек байкем тентек болчу. Ал эми тентек баланы тартипке салуу үчүн таяктагандан башка жол жок да. Ошондуктан, айрым учурларда байкелерим атамдын таягын жешчү. Көп адамдар менен жолукканда көпчүлүгү мени атама окшоштурушат. Бирок, мен атамдан сөөк жагынан кичинемин. Атамдын бою 178 см, салмагы жүздөн ашчу. Ал эми менин боюм 174 см, салмагым жүзгө жетпейт. Турмушта ак-кара бирге жүрөт экен. Учурда ата-энемдин, бир туугандарымдын көздөрү өтүп кетип жалгыз калдым. Ата-энемден кийин алгач карындашым, анан Аскар байкем, андан соң Арстанбек байкем каза болду. Ошентсе да өмүр өтүп жатат. Менин эки уулум бар. Улуусу Чоро, кесиби архитектор, Голландиядада иштейт. Кичүү уулум Эржан да Канада мамлекетине иштеп кеткен.

“Диалогдорун үнүн катуу-катуу чыгарып окуп алчу”

— Атам калпты жек көрчү. Айтканын аткарбаган адамды жактырчу эмес. Көрө албастык, көз артуу деген атамда жок эле. Ушул биз олтурган кабинет атамдыкы болчу. Атам күндө эртең менен эрте туруп түшкө чейин бул креслого олтуруп алып тиги машинакасын тарсылдатып иштей эле берчү. Түштө тамактанып алып тексттерин редакциялап, эртең менен баскан тексттин, өзгөчө диалогдорун үнүн катуу-катуу чыгарып окуп алчу. Андан соң, короого чыгып, бак-дарактарды кыйыштырып, бак олтургузуп жүрө берчү. Антип иш жасап жүргөндө албетте биз да жардам берчүбүз. Ал эми атам биздин сабактарыбызга каралашып, жардам берчү эмес. Себеби, атам жалаң эле чыгармалары менен алышчу. Тынчтыкты каалачу. Кайда жүрбөсүн чыгармасын гана ойлочу. Мен да кээде ыр жаза калгандыктан, чыгарма жараткан адамга тынчтык керек экенин билем. Чыгарма жазып жатканда бирөө алаксытса, чыгарма жаза албайсың. Атам ошондуктан майда-чүйдө нерселерге аралашчу эмес окшойт. Атам бизге сабактарыбызга жардам бербегени менен башка жагынан өзү бизге үлгү болду. Ал кишинин жанында жүрүп эле сабак алчубуз. Кыргыз уулу кандай болуш керектигин атамдын элесин эстегенде түшүнөм.

“Сюжеттерди карапайым элден алсам дечү”

-Атамды ээрчип айылдарга көп бардым. Айыл эли атамды кадыр-барктап, сыймыктанып тосуп алчу. Көбүнчө атам чыгармаларындагы сюжеттерди карапайым элден алсам, маалымат топтосом деп барчу. Ал эми биз балабыз да. Тоо-таш, суунун боюнда чуркап ойногонго эле куштар элек. Азыр мен 75 жаштамын. Кичинемден шаарда өссөм дагы, учурда айылдагы карыяларга жүрөгүм тартып, атамдай болгон карыяларды кадимкидей сагынам. Ошол убакта атамда да ушундай сезимдер болсо керек деп калам.

“Чыгармачылыкка жакындасам кубанды”

-Кичинемден чийүү жагына жакын болгондуктан ЖОЖду Ленинградда окуп архитектор болдум. 1990-жылы атам ооруй баштаганда  48 жашымда  орусча ырларды жаза баштадым. Үч жыл ыр жаздым. Ырларымдан атама окуп берсем “ыр жазганды мурдараак баштасаң, азыр бир нече ырлар жыйнагыңды чыгармаксың” деп калчу. Анткен менен чыгармачылыкка жакындап жатканыма кубанды. Бир жолу Ч.Айтматов үйгө келди. Атам “Чыке, менин кичүү уулум ыр жаза баштады. Угуп көрчү. Сабыр, кана бир ырыңды окуп берчи” деди. Ал глобалист экенин билип, өтө узун эмес ырымды окуп берсем, Чыкем “Отврашение, отврашение” дегени жакты деп мактап алды. Ошондо да атамдын кубанганына күбө болгом. Атам акындарга жолукканда “силер жазган ырларды мен эс алып олтурганда эле жазып коем” деп тамашалап калчу. Баса, атам көргөн түшүн да жазып койчу. Атамдын дагы да планы көп эле…

-“Атам апамды абдан жакшы көрчү экен…”

— Апам Асылгүл, атамдан 9 жаш кичүү эле. Ал ак сөөк кыргыздардын тукумунан солто уруусунан болгон. Байтикке кетип баратканда оң капталда Өзбек байдын күмбөзү бар. Ошол Өзбек бай апамдын чоң аталары болгон экен. Илгери өкмөт байларды кулакка тартып, алардын балдары башка ысым менен жөнөкөй элге жазылып, ошентип апам да карапайым элдин кызы болуп калган. Бирок, өң-келбетинен ак сөөктүн кызы экени билинип турчу. Өзү ак сөөктүн тукумунан  болсо да жоош, адамгерчиликтүү, сулуу жан эле. Апам финансы техникумунда окуп, бирок атама турмушка чыккандан кийин окуусун аяктабай калса керек. Атам анда кургак учук менен ооруп, согушка да барбай калган. Апам атамды, андан кийин балдарын багып, турмуштары улана берген. Кийин апам 63 жашында каза болду. Өтүндө таш бар экен. Корксо керек, убагында операция жасатпай жүрө берген. Аягында кыйналып операцияга берип, операциядан жакшы чыккан. Атамдын “апаңардын өтүнөн мынча таш чыкты. Буйруса эми жакшы болот” деп таштарды көтөрүп келгени эсимде. 2-күнү апамды жакшы деп жатсак эле ооруканадан көз жумду. Атам апамдан 72 жашында калды. Экинчи никелүү да болгон жок. Бул маселени биз да, сырттагылар да көтөрүп “кары адамды караганга бирөө керек” дедик. Бир жолу уктаар алдында ата, элдин баары эле ушул маселени сөз кылып жатат. Чындап эле өзүңүзгө бир кемпир таппайсызбы? дедим. “Болбойт!” деди. Эмнеге болбойт? десем.  “Болбойт. Өзүң ойлочу. Кантип биз үчөөбүз бул жерде жатабыз” деп жатпайбы? Көрсө мени эмес, Асыл апамдын элесин айтып жатыптыр.  “Мен, апаң, анан алган кемпир үчөөбүз кантип жашайбыз” дегенде гана түшүнүп бул сөздү экинчи ирет кайталаган эмесмин. Көрсө атам апамды абдан жакшы көрчү экен.

“Апамдын жанына жатсам деген…”

-Атам ооруп жатканда өзүнө жакын, өзү ишенген аттуу-баштуу адамдарды чакырып “силерди атайын чакырдым. Мен келбес командировкага кеткенде мени кемпиримдин жанына койгула. Балдарымды өкмөт укпайт. Силерди угат” деген керээзин айткан. Ал белгилүү адамдардын бири К.Акматов эле. Атам өлгөндө ушул адамдардын бирөөсү да анын керээзи боюнча эч нерсе айтышпай коюшту. Бир туугандарымдын баарынын көзү тирүү эле. Атам айткандай бизди уккан жок. Зар какшап түшүндүрө албадык. Өкмөт “Мындай даражалуу адамды Ала Арча көрүстөнүнө коюш керек” деп салды. Атам кыргыздын салтын ыйык тутуп атактуу адамдарга керээзин калтырган соң, алар өкмөткө түшүндүрүш керек эле. Эч кимиси атамдын керээзин колдогон жок. Ушуга ушул күнгө чейин нааразымын. Апамдын сөөгү Байтикке баратканда Өзбек байдын күмбөзүнүн жанына коюлган. Атам апамдын жанына жатсам деген. Тилекке каршы, бизди эч ким колдобой, керээзи аткарылбай калды. Мына кыргыздардын сыйлуу адамына кылган мамилеси.

“Үйдүн долбоору жазуучулуктан тышкары чыгармаларынын бири болуп калды”

-1949-жылы Сталин сыйлыгын алганда атамдын бул жер тилекесин сатып алганга мүмкүнчүлүгү болуп калган. Анда бул жерде бир кабат эски үй бар болчу. Тоталитардык режим болуп, ал кезде менчик үй курууга уруксат берилчү эмес. Ал эми атама уруксат берилип, бирок, “өтө чоң үй курбаңыз!” дешкен. Атам архитектор болбосо да чатыраш дептердин клеткасын метр кылып эсептеп, чатырашка 2 кабат үйдүн долбоорун чийип алып шаардын архитектурасына көтөрүп барган экен. Ал кездеги архитектор Алибанский Павель Петрович карап алып күлүп “бул долбооруңуз болот. Бирок муну адистер кайрадан чийип чыксын” деп эски долбоорду жаңылап чийдирип бериптир. Атамдын ал долбоору ушул күнгө чейин архивте сакталуу. Негизинен атамда чоң үй курам деген ой болгон эмес. Бирок, кура келгенде башка үйлөргө салыштырмалуу заңкайып чыга келген. 1953-жылы куруп бүтүшкөн. Үйдүн долбоору өзүнүкү болгондуктан, атамдын жазуучулуктан тышкары бул үй да өз чыгармаларынын бири болуп калган.

“Атамдын керээзи мен үчүн Конституция”

— Бул үйгө көптөгөн белгилүү адамдар келчү. Азыр деле атамдын музейи катарында турат. Эл музейде эч ким жашабаш керек деп түшүнөт. Үй боюнча сүйлөшкөнүмдө атам “бул үйдү өзүм кургам. Кабинетимди, архивимди, китепканамдын баарын ушул бойдон сактап, калган бөлмөлөрүндө каалагандай жаша” деген. Бул атамдын керээзи. Атамдын чыгармачылыгын баалаган адамдар үчүн эшик ачык. Мына атамдан калган стол, стул, кресло, машинка, китептерин көрүп кетсе болот. Каршы эмесмин. Бул ой атамдыкы. Атамдын керээзи деп түшүндүрөм. Атамдын керээзин буза албайм. Ал мен үчүн Конституция. Бул Конституция мага эле эмес, балдарым, неберелериме чейин Конституция боюнча калат. Атамдын көзү тирүү кезинде эшиктери кандай ачык болсо, азыр деле ошондой. Мына бул үйүбүздүн түштүк жагынан беш метр эле нары 18 кабат, бийиктиги 50 метрден ашык чоң имарат курулду. Атамдын кабинетинин айнектерин калкалап күн тийбей калды. Анан да “биз аксакалды сыйлайбыз” дешет. Кана сыйлашканы, сыйлашса мындай болбойт эле. Бул болгону эки жүздүүлүк.

 “Мен кыргызмын” деген сөздү көп колдончу”

-Кээде жаш жигиттер келип алып “аксакал, сиз баланча уруудан болосуз да?” дешчү. Атам “жок, мен кыргызмын” деп жооп берчү. “Ооба, баарыбыз эле кыргызбыз, бирок, биз бир ууруданбыз да” дешсе, “жок! Мен кыргызмын” деп ачууланып, аларды “бөлүнгөнүңөрдү койбойсуңарбы?!” деп уяткарып салчу. Бөлүнгөндү жактырчу эмес. Ушул “мен кыргызмын” деген сөзү атамдын туу катары көп колдонгон сөзү болчу.

Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!