Садыр Жапаров: Өлкөдөгү тарыхый жетишкендиктердин башында — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турган

21-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30

«Мамлекеттин көптөгөн тарыхый жетишкендиктердин башында эл уулдары, чыгаан жана көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер — Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана Кусеин Карасаев турганын. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Каракол шаарынын  борбордук аянтында чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун, кыргыз жазмасынын  негиз салуучусу Касым Тыныстановдун, белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.

Ал 1916-жылы кайгылуу Үркүн окуясында ата-энеси жана туугандарынан эрте ажырап, ат баккыч жана короо шыпыргычтан баштап Кыргыз Автономиялуу ССРинин Эл Комиссарлар Советинин  төрагасына чейин жеткен Жусуп Абдрахмановдун өмүр баянына кеңири токтолду.

Президент болгону жыйырма жашында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө активдүү катышкан Жусуп Абдрахманов өз күндөлүгүндө терең канааттануу менен «жазмыштын  буйругу менен эң улуу тарыхый окуялардын күбөсү болуп калганын» жазганын белгиледи.

Садыр Жапаров XX кылым — бир нече миң жылдык улуу тарыхы бар, бирок көчмөндүү жашоонун торунда чырмалган кыргыз эли үчүн да зор өзгөрүүлөрдүн, орошон окуялардын кылымы болгонуна көңүл бурду. 

Президент мисал катары, ошол убакытта эптеп «өзүнчө хандык» түзүү кыялы менен жашаган феодалдык түркөй аң-сезимден арылып, кыска убакыт аралыгында улуттук республиканын чамгарагын көтөрүүнү көксөгөн аң-сезимге өсүп жетиши, республикачыл идеалдарды ыкчам өздөштүрүүгө багыт алышы, бир коомдук түзүлүштөн башка бир коомдук түзүлүшкө өтүүнүн түйшүгүн тартышы сындуу уникалдуу көрүнүштөр орун алганын айтты.

«Улуттук жетилүүнүн мына ушундай кайталангыс эволюциясына күбө болуп жатканына  шыктанган, ошол эле кезде ошол окуялардын түздөн-түз сүрөөнчүсү жана катышуучусу болгон Жусуп Абдрахманов ар бир ирмемди, ар бир күндү, ар бир окуяны жаза кетирбей тизмектеп, кагаз бетине түшүрүп калууга, өзүнүн сөзү менен айтканда «фиксация кылууга» ашыкканы анын улуу ой-максаттарга жетеленип жашаганын айгинелейт», — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаровдун айтымында, Жусуп Абдахманов  кечээ эле туташ көчмөн жүргөн, Үркүн азабында биротоло кырылып  кете жаздаган элдин күнү тууп, советтик модернизацияны баштан кечирүү бактысына туш келгенине, кыргыз уулу жапырт шымалана киришип, жаңы заман жакшылыгынын үзүрүн көрүп жатканына жетине албай, терисине батпай кубанганын элге эстетти.

«Өкмөт башчылык кызмат жөн эле жооптуу кызмат эмес, аны менен бирге чанда бир келчү тарыхый роль жүктөлгөнүн аңдап, Кыргызстандагы ири өзгөрүштөр, экономикалык долбоорлор үчүн жанын сабап күрөшкөн», — деди президент.

21-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X