Садыр Жапаров өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, кыргызстандык суучул, спорт чебери Владислав Шулико менен жолугушту.
Жолгугушууда Мамлекет башчысы Ысык-Көлдү узунунан 181 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон Владислав Шуликонун эрдигин дагы бир жолу белгилеп, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына белек болгонун жана өсүп келаткан муунга өрнөк болгонун айтты :
«Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес. Бүт өлкө сенин сүзгөнүңдү байкап жана абдан кабатырланып атты. », — деди Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Владислав Шуликонун жетишкендиги жөнүндө Гиннестин рекорддор китебине билдирме берүү жана каражаттын жетишсиздиги боюнча кабардар экенин билдирди.
Президент өзүнүн фондунан Владислав Шуликого 500 миң сом бөлдү.
Өз кезегинде, суучул Владислав Шулико Мамлекет башчысына моралдык жана материалдык колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, ага максатына жетүүсүнө Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытууга болгон каалоосу шыктандырган.
«Мен өз алдыма ушундай татаал тапшырма, максат коюп жана аны ишке ашырарыма өзүм анчалык ишенген жокмун. Бирок, сүзүп баштагандан кийин мен токтоно албай, өзүмө рекорд коем деп сөз бердим. Анткени өлкө мага бүтүндөй ишенип, күтүп атты. Биздин эл өтө ынтымактуу», — деп белгилеген спортчу, дагы бир жолу бардык кыргызстандыктарга ага ишенгени үчүн ыраазычылык билдирди.