Садыр Жапаров Өзбекстандын президентин жеңиши менен куттуктады

25-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.

25-октябрь, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X