"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!