Садыр Жапаров Армениянын Премьер-министри Никола Пашинянды кабыл алды

19-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 22

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19 -августта Армениянын Премьер-министри Никола Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу Прездиденттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Жолугушуу Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөрүлдү.  

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде евразиялык интеграция, ЖККУ жана башка актуалдуу маселелер талкууланды. 

Президент Садыр Жапаров, Никола Пашинянды жана анын партиясын мөөнөтүнөн мурда өткөн прламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.  

Мамлекет башчысы быйыл Кыргызстан жана Армения мамлекеттери эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жаткандыгын айтты.  

Садыр Жапаров мындан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун арттыруу жана товар айлантуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн бардык жагымдуу шарттардын бар экендигин белгилеп, бул багыттагы иш-аракеттерди күчөтүү керектигин сунуштады.  

Президент соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуу жаатында Өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи. 

ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы евразиялык интеграцияга өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышуусу мамлекеттин тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты катары каларын айтты.  

Президент Биримдиктин алкагында жалпы эмгек рыногун мындан ары калыптандыруу боюнча максаттуу иштерди улантуу зарыл экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Никол Пашинян, бул биринчи бетме-бет жолугушуу экенин белгилеп, Садыр Жапаровго өлкөнүн жана достук мамиледеги Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан ишинде ийгиликтерди каалады.

Армения Премьер-министри өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүү пландарын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл экенин баса белгиледи.

Аталган Биримдик соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы чоң потенциалы болгон өз ара соода жүгүртүүнү өстүрүү боюнча аракеттерди активдештирүү зарыл.

Никол Пашинян Садыр Жапаровдун Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын биринчи жыйынын өткөрүү боюнча демилгесин колдоп, жакында Армения комиссиянын тең төрагасын дайындай турганын белгиледи. 

Эки тарап бардык актуалдуу тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык жана саясий чөйрөлөрдө да активдүү кызматташууну улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X