Садыр Жапаров: Дагы бир мөөнөткө барам

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниети тууралуу суроого жооп берди.

Жапаров дагы бир мөөнөткө баруу ниети бар экенин айтты.

Анын айтымында, шайлоого өзүнө күчтүү атаандаштар катышса, аларга тоскоолдук болбойт.

«Эч кимди чектебейбиз. Мыйзам кандай болсо, ошондой болот. Ар бир кандидат бара берсин», — деди президент.

Жапаровдун Али Токтакуновго берген маегин толугу менен YouTube каналынан көрүүгө болот.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 154
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X