"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаров депутаттарга: Трибунага чыгып сүйлөөрдө маселени аныктап сүйлөсөңүздөр

«Трибунага чыгып бир нерсе сүйлөөрдө чын-аныгын аныктап алып анан сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар», — деп кайрылды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө сөз сүйлөп жатып.

«Трибунага чыгып бир нерсе сүйлөөрдө чын-аныгын аныктап алып анан сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар. Сиздер эл өкүлүсүздөр, сиздердин ар бир сүйлөгөн сөзүңүздөрдү эл салмактуу кабыл алат», — деди Президент.

Мамлекет башчысы кечээ жакында концентраттар жөнүндө маселе көтөргөн депутат Аккулу Бердиев жөнүндө айтып жаткандыгын белгиледи.

«17 фура алтын чыгып кетти деп элдин баарын дүрбөттү. Алтын аралашмасы бар концентраттар кечээ эле чыгып жаткан жок. Жыйырма жылдан бери чыгып жатат. Албетте, мыйзамдын негизинде. Андан салыктар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө 3,5-4 млрд сомго чейин салык түшүп жатат.  Албетте, бул сумманы көп, бул бизди багып жатат дегенден алыспыз. Ошондуктан жакында көрүлчү чараларды даярдап жатабыз. Же салыгын көтөрөбүз, же Кыргызстандын аймагында кайра иштеп чыгууну караган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз», — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, азыр баары ачык. Эч ким бир нерсе жашырып иш кыла албайт.

«Кыргызстан кичинекей. Бардыгы алаканга салынгандай көрүнүп турат. Ошол үчүн салмактуу маселе көтөрөр алдында депутат катары биринчи текшерип келип, чын-аныгын билип алып, андан кийин анан трибунага чыксаңыздар жакшы болот эле.  Анткени сиздер депутатсыздар. Кайсыл жерге болсо барып текшергенге укугуңуздар бар, комиссия түзүүгө укугуңуздар бар. Биринчи чын-аныгын тактап алып туруп анан келип айтса, бул далилдүү болсо, элге да ишенимдүү болот. Мен деле  депутат болгом. Бирок бир да жерден далилсиз  “баланча мындай дейт” деп сөз сүйлөчү эмесмин. Качан тактап алып, өзүм жүз пайыз ишенгенден кийин анан алып чыкчу элем трибунага. Бизге тынчтык керек», — деди Жапаров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!