Садыр Жапаров: Экономиканы өнүктүрүү үчүн алдыбызга амбициялуу пландарды койдук

«Экономикалык ыкчам өнүгүүнү камсыздоо үчүн биз алдыбызга башка дагы бир катар амбициялуу пландарды койгонбуз.Кыргызстандын энергетикалык потенциалын колдонуу үчүн ири жана кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруунун үстүндө активдүү иш жүрүп жатат», — деди Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада кыргызстандыктарды куттуктап жатып.

«Кыргызстан географиялык жактан жол туңгуюгунда деген ырастоо жаңылыш, андыктан биздин патриот адистерибиз өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жаатында жан үрөп иштеп жатышат», — деди мамлекет башчысы.

Анын айтымында, өлкөбүздүн шартын эске алып, «Манас”, “Тамчы”, “Ош”, “Баткен” эл аралык аэропорторунун потенциалдарын арттыруу максатында мультимодалдык жүк ташуучу авиахабдарды түзүү, индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди куруу — негизги пландарыбыздын тизмесинде.

«Ири обьектилерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инструменттери аркылуу колдонууга берүү, тез арада инвестициялык фонддорду түзүү жана ишке киргизүү экономикалык жактан оңолуунун өбөлгөсү болот деген ишенимдебиз. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда», -деди мамлекет башчысы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X