Садыр Жапаров элди вакцина алууга чакырды

10-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 29

Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды кайрадан коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазылат президенттин баракчасында.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X