Садыр Жапаров кар көчкүдөгү жоготууларга байланыштуу Эмомали Рахмонго көңүл айтты

17-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.

15-февралда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Хорог шаарында кар көчкүнүн кесепетинен ондон ашык адам каза болгону кабарланган. Төрт үй талкаланып, 35 турак жай жана беш тиричилик объекти жарым-жартылай жабыркаган.

17-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X