Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттам ачууну сунуштады
Бул сунушту президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Солт-Лейк-Сити шаарында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана штат Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын, анын ичинде Юта штаты менен кызматташтыгын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар тоо-кен тармагы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.
Садыр Жапаров Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, америкалык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкө АКШдан инвестиция тартууга жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айтты.
Өз кезегинде Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуу Садыр Жапаровдун АКШга болгон жумушчу сапарынын алкагында Юта штатынын Капитолий имаратында өттү.