Садыр Жапаров: МИК эми кичи шаарлар менен айылдарга басым жасайт
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) мындан ары негизги көңүлдү райондорго, кичи шаарларга жана айылдарга бурат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, буга чейин МИК тарабынан жети облустун борборлорунда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында турак жайлар курулуп келген. Бирок азыр бул багыттагы долбоорлор токтотулуп, күч-аракет аймактардагы турак жай маселесин чечүүгө жумшалууда.
«МИК буга чейин 7 облустун борборуна, Бишкек менен Ош шаарларында үйлөрдү куруп жаткан. Эми алардын баарын токтоттук дагы, райондорго, 33 кичи шаарга жана айылдарга кирип жатабыз. Антпесек айылдарда кезекте тургандар аябай көп экен, чыдамы кетип жатат», — деди мамлекет башчы.
Президент белгилегендей, мындай чечим айыл жерлеринде ипотекалык турак жайга муктаж жарандардын саны көп болгондуктан кабыл алынган. Жаңы саясат аймактардагы турак жай көйгөйүн чечүүгө жана кезекте турган жарандардын муктаждыгын канааттандырууга багытталган.