Садыр Жапаров: Олимпиада оюндарынын катышуучулары миллиондогон кыргызстандыктарга дем берип, сыймыктуу сезим тартуулады

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 24

«Сиздер багындырган ийгиликтер, дүйнөлүк деңгээлдеги сиздер камсыз кылган жеңиш албетте, эчендеген спортчуларыбыздын, миллиондогон мекендештерибиздин жүрөгүн толкундантып, көкүрөктөрүндө оргуштаган сыймыктануу сезимдерин жаратты», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземинде.

Мамлекет башчысы катышуучулардын алдында куттуктоо сөзүн айтып, күйөрмандык кылган бардык кыргызстандыктардын атынан мен-мен деген дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанды татыктуу таанытып, ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Сиздер спорттун босогосун аттаган жаш спортчуларга эле эмес, спортту сүйгөн, спорттогу жетишкендиктерди көрүп ырахат алган миллиондогон кыргызстандыктарга дем берип, шыктандырып, Мекенге болгон сүйүүлөрүн арттырдыңыздар», — деди Садыр Жапаров.

23-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Спорт 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X