Садыр Жапаров темир жол тууралуу: «Путинди көндүрдүм»
Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, алгач Кытайдын ошол кездеги элчиси менен жолугуп, темир жол долбоорун баштоону сунуштаган.
«Баштайлы, адистерди алып келгиле, долбоорун жасайлы, ким канча акча салат, шарттары кандай болот сүйлөшөлү», -деп айтканын Жапаров билдирди.
Бирок Кытай тарап долбоорду Россиянын макулдугусуз баштоо мүмкүн эместигин билдирген.
«Россия макул болбосо, биз ал жолго кире албайбыз», — деген Кытай элчиси.
Жапаров андан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, темир жол долбоору боюнча сүйлөшкөнүн айтты.
«Владимир Владимирович менен 35–40 мүнөт ушул темада отурдум. Аягында аны көндүрдүм», — деди Жапаров.