Садыр Жапаров Владимир Путинди шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 54

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.

Кыргыз Республикасы өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берет.

Парламенттер аралык байланыштар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россиянын парламентарийлери көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук байланыштарды чыңдоого багытталган жигердүү биргелешкен иштерин улантат деп ишеним артам.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россия Федерациясынын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X