Садыр Жапаров Ютадагы Deer Valley лыжа курортун кеңейтүү долбоору менен таанышты

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 86

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Юта штатындагы Deer Valley лыжа курортун масштабдуу кеңейтүү долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Deer Valley курортунун концепциясы тааныштырылып, анда заманбап мейманкана, турак жай, спорттук жана туристтик инфраструктурасы бар, жыл бою иштей турган жаңы курорттук кластерди түзүү каралган.

Тоолуу аймактарды комплекстүү пландаштырууга, заманбап архитектурага, алдыңкы мейманкана бренддерин жана жеке инвестицияларды тартууга, ошондой эле суу жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Президент ошондой эле жаратылыш ландшафтын сактоого жана курортко жыл бою конокторду кабыл алууга мүмкүндүк берген инфраструктураны түзүү боюнча ыкмалар менен таанышты.

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Расмий жаңылыктар 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X