Садыр Жапаров жана Байрам Бегай Ысык-Көлдө этномаданий программа менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда, анын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү. Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү. Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тайган тукумундагы иттердин жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.
