"Эркин-Тоо"

Салык декларациясын кабыл алуунун II этабы башталды

Салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-майына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде мекеме тарабынан кабарланды.

Аталган мөөнөткө чейин төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же мекеменин сайтынан алууга болот.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 31-мартта аяктады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!