Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат
Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин долбоорунда каралган салык органдары менен банк мекемелеринин өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жөнүндө ММКдагы маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө эксперттик жумушчу топтун иши аяктай элек, деп КР Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
«Ченемдик укуктук актынын долбоору азыркы учурда коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлган эмес. Учурда эксперттик жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, бул топко мамлекеттик органдардан жана көз карандысыз эксперттерден тышкары бизнес-коомчулуктун, анын ичинде банк секторунун өкүлдөрү тартылган.
Долбоордун алкагында каралып жаткан иш аракеттердин жаңы тартибин киргизүү, конкреттүү механизмдерди орнотуу жана процесстерди автоматташтыруу жолу менен жакшыртууга багытталган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 54-беренесинин ченемдерине ылайык салык төлөөчү жөнүндө салык органы тарабынан алынган маалыматтар салыктык сырды түзөт жана мыйзам тарабынан так корголот»,- деп жазылат маалыматта.