Салык кызматы 10 айда планды ашыгы менен аткарды

Салык кызматы 2021-жылдын 10 айынын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146,3 млн сом суммасында камсыз кылып, белгиленген пландан 686,3 млн сомго ашык же 102,3 пайызга көп аткарды. Өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880,6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118,6 пайызды түздү.

Салык кызматы камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды. Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729,3 млн сом чогулду, аткаруу 124,2 пайызды түздү же 142,3 млн сомго көп болду.
Өткөн жылга салыштырмалуу 284,1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163,8 пайызды түздү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X