САЛЫК ТӨЛӨӨ – БУЛ КАРЫЗ ЭМЕС, ПАРЗ

7-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35

Салык төлөө ар бир ишке жарамдуу жаран үчүн парз. Салыктын эсебинен мамлекеттин казынасы толот. Салыкты төлөөдөн качкандар үчүн мыйзамдарда чара көрүлүүчү беренелер бар. Демек, мамлекеттик казынадагы каражатка жараша элдин айлык акысы төлөнүп, инфратүзүмдөр жакшырып, айтор, калктын жашоо-турмушу жакшырат. Салык төлөө ар бир доордо болуп келген, боло берет. Мындан качып кутулуу мүмкүн эмес. Андан калса, өлкөдөгү 700 миңден ашык пенсионер, 620 миңден ашык социалдык катмар, 100 миңден ашык аярлуу катмар, 2,5 миллиондон ашык бала жана башка тиричиликтин арбайы дал ушул салыкка көз каранды экенин унутпайлы.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров салыкты төлөө боюнча катуу талап койду эле, коомчулуктун айрым бөлүгү нааразы пикирин билдире баштады. Бул жерде айта кетүүчү нерсе, мамлекет ишкерлерди, дыйканфермерлерди салыктан бошотуп, кыйла жеңилдиктерди берип жатат. Салыктын башка түрүн киргизген жок. Болгону тиешелүү салык төлөнүшү керектиги талап кылынууда. Менимче, салык төлөө маданиятын калыптандырууда Салык кызматы, бажы кызматы жана башка тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө аксап жатышат.

Туура, калктын да кабатырланганынын жөнү бар. Себеби, төлөнгөн салыктар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумшалбай келген учурларын элибиз башынан өткөргөн. Бажы, салык кызматкерлери өзүн көпөс сезип, заңгыраган үйлөрдү куруп, атасын тааныбай калбады беле. ЕАЭБдин алкагындагы чек ара постторун санариптештирүүнү атайын кечиктирип, “миллион” каймана аты барлардын күнү тууган күндөр болгон. Ушунун баарын элибиз көрүпбилип турганы менен карапайым калктын үнүн уккан бийлик болгон эмес. Азыр элибиз отко колун күйгүзгөн адамдай болуп турат. Ошондуктан, калктын ишенимине кириш үчүн түшүндүрүү иштерин жандандыруу кажет.

Азыркы бийликтин казынаны толтурууга болгон аракети мурдагы башкаруу бийлигинен башкачараак. Ишкерлер менен өнөктөш катары кызматташууга кызыкдар. Ушундан улам, аларга салык жагынан жеңилдиктерди берип, каржы булактарын көбөйтүүгө далалат кылып жатышат. Фискалдаштыруунун бардык компоненттерин киргизүү менен бирге соода жүргүзүүдө кассалык-контролдук машина (ККМ), электрондук эсеп-фактураны, электрондук отчет, патент, маркировкаларды киргизип, адам факторунан арылуу мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылышууда. Ар бир тармакта санариптештирүүгө артыкчылык берүүдө. “Көмүскө” экономикадан арылып, элдин акчасы элге кызмат кылышы керектигин белгилешүүдө. Натыйжа жаман эмес. Расмий маалыматтарга караганда, Мамлекеттик салык кызматы эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында алгачкылардан болуп, өткөн жылы 200 млрд сомдон ашык салык төлөмдөрүн чогултуптур. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп сумманы түзөт экен.

Бажы, салык кызматында адам факторунан арылуу аракетин колдош керек. Анткени, киреше булактарын көбөйтүүчү ички резервдерди туура пайдалануунун учуру келди. Кыргызстанда ККМдин саны 2,4 эсеге көбөйгөндүгүнө карабастан, мына ушул аппаратты колдонуу боюнча биздин өлкөбүз ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калыптыр. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда онлайн ККМсиз бир да товар сатылбайт, бир да кызмат көрсөтүлбөйт экен. Бул деле барып-барып калктын салык төлөө маданиятына такалат го, сыягы. Анан дагы бир маанилүү маалымат:

Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча өлкөдө 488 миң салык төлөөчү бар болсо, анын ичинен: — 480 миңи же 98,4% – чакан ишкердик; — 2900 же 0,6% – орто бизнесте; — 4900 же 1% – ири бизнес чөйрөсүндө алектенет экен. Негизи структура туура түзүлгөндөй. Бирок, ким канча салык төлөп жатканына саресеп сала турган болсок, абал таптакыр башкача. Чакан бизнес болгону – 13,3% салык төлөсө, орто бизнестин бюджетке салымы 5,3%ды түзөт экен. Ал эми жалпы салык төлөөчүлөрдүн 1%ын түзгөн ири бизнестин салык төлөмү жалпы салыктын 81,4%ын камсыз кылат экен. Демек, бюджетибизге 5 миңге жетпеген ири бизнестин өкүлдөрү гана салым кошуп келсе, калган орто жана чакан бизнес дээрлик салык төлөбөйт экен да.

Же болбосо дагы бир мисалга токтололу. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңешинде Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын мисалында таасын сөз (31.05.2022-ж.) айтты эле. Анда аталган айылда акча жүгүртүүсүнүн көлөмү 16,4 млн сомду түзгөн 9 соода түйүнү бар экен. Ал эми алардын бардык салыгын, патенттерин кошкондо 33 миң сом гана мамлекетке киреше беришиптир. Ал эми мамлекет ушул айылдагы пенсионерлерге, жөлөк пул алуучуларга, мектепке, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин жана башкалардын айлык акысына жалпысынан орточо 2021-жылга карата 51,8 млн сом каражат жумшаганын билдирген. Мындай мүнөздөмө өлкөнүн бардык айылдарына тиешелүү. Демек, мамлекеттин жараны катары мамлекеттен алганыбызга караганда бергенибиз аз болуп жатпайбы.

Бул жерде элди салык төлөбөйт деп күнөөлөгөндөн алысмын. Мүшкүл иш түшкөндө жабыла көтөрүлүп колдогон калкыбыз ар дайым жардамга даяр экенин бөркүмдөй көрөм. Салык төлөө жаатында элдин мекенчилдик духун көтөрө албаган мамлекеттик машинада күнөө. Болбосо, элибиз төлөгөн салык элге кызмат кыларын түшүнгөн ар бир жараныбыз казынаны толтурууга кайдыгер болмок эмес. Салык – бул ички инвестиция. Мекенге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтө алчу шыкак, демилге жетишпей тургансыйт.

Шекербек КАЛЫКОВ
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы

7-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X