Салыктан сактан
КР Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынган. Административдик айыптын өлчөмү 1000 сом.
Быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Ага карабай, унаа салыгын төлөбөй жүргөндөр минтип, айып төлөштү.