Санарип сомдун платформасы жыл аягына чейин пилоттук режимде ишке кирет

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171

Кыргызстанда санарип сомдун базалык платформасын пилоттук тестирлөө 2026-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.

Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Улуттук банкка берди.

Улуттук банк базалык платформаны иштеп чыгып, анын пилоттук тестирлөөсүн 31-декабрга чейин аякташы керек.

Кийинки этап 2027-жылга пландалууда. Анда санарип сомду реалдуу шартта тестирлөө башталып, андан соң аны өлкө боюнча этап-этабы менен киргизүү каралууда.

Жыйында улуттук валютага байланган KGST стейблкоинин колдонуу перспективалары жана жаңы санариптик финансылык инструменттерди өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Президент виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү өлкөнүн технологиялык жана экономикалык трансформациясынын багыттарынын бири экенин белгиледи.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 171
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X