“Сары-Өзөн” дыйкан базары мамлекетке өттү
“Сары-Өзөн” дыйкан базары мамлекетке өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйынында билдирди.
“Соттун чечими менен жалпы аянты 3 гектар жерди ээлеген базар жакында эле толугу менен мамлекетке өткөрүлдү. Мындан башка дагы ири мүлктөр боюнча каралып сот процесси жүрүп жатат, аларды убагы келгенде маалымдайбыз», – дейт ал.
Эскерте кетсек, “Сары-Өзөн дыйкан базары 2017-жылы ачылган.