Сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандарга 2 млн сомго чейин айып пул салынат
Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылыкка жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды атууга каршы күрөш күчөтүлүүдө. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору өлкөнүн аймактарында ыкчам рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүп жатышат.
Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылгандарга ири өлчөмдө айып пул каралган. Тактап айтканда:
-
Илбирс — 2 млн сом;
-
Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен — 1,5 млн сом;
-
Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн — 50 миң сом;
-
Ортоазиялык кундуз, Мензбир сууру — 20 миң сом.
Мыйзамсыз аңчылык боюнча акыркы фактылардын бири Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагындагы «Кашка-Суу» жайлоосунда катталган. Ал жерде бир баш тоо текеси мыйзамсыз атылганы аныкталган.
Факт боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, укук бузуучуга 12 миң 500 сом административдик айып пул салынган. Мындан тышкары, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.
Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде кароо жана чечим кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Министрлик мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу, жапайы жаныбарларды коргоо жана жаратылышка келтирилген зыяндын алдын алуу боюнча рейддик жана көзөмөл иш-чараларын улантууда.