“Кыргызкөмүр” ААК билдиргендей, акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунун айрым тилкелеринде сел жүрдү.
Маалыматка ылайык, 30–32-чакырым аралыгындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече көмүр кенине алып баруучу жолдо бардык транспорт каражаттарынын кыймылы токтотулду.
Ушуга байланыштуу мекеме жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын айдоочуларын, көмүр ташуучуларды, ишкерлерди жана жалпы жарандарды жол толук калыбына келтирилгенге чейин Кара-Кече багытына баруудан карманууга чакырды.
Учурда “Кара-Кече” филиалы тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылы кайра жанданып, көпүрө оңдолгондон кийин расмий булактар аркылуу кошумча маалымат берилери кабарланды.
“Кыргызкөмүр” жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, адам өмүрү жана ден соолугу башкы артыкчылык экенин белгиледи.