Шабдан Абдырайым уулу Тилек Текебаевдин биринчи орун басары болуп дайындалды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 181

Жалал-Абад облусунун активине Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы дайындалган биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу тааныштырылды.

Аны облустун башчысы Тилек Текебаев тааныштырып, жаңы кызмат орду менен куттуктады. Ал Шабдан Абдырайым уулу облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошоруна ишеним артып, алдыга коюлган милдеттерди жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Шабдан Абдырайым уулу 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде “Дүйнөлүк экономика” багыты боюнча билим алган. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен “Финансы жана кредит” багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолун 2014-жылы “Аян” телерадиокомпаниясында аткаруучу директор болуп баштаган. 2016–2019-жылдары Чехиянын Прага шаарында Азия-Чех Соода Палатасынын Борбордук Азия боюнча директору болуп иштеген.

Кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн катчылыгында, Өкмөт аппаратынын жетекчиси-министрдин жардамчысы кызматтарында эмгектенген. 2020–2022-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болгон.

2023-жылдын январынан 2024-жылдын апрелине чейин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгын жетектеген. 2024-жылдын апрелинен 2025-жылдын июлуна чейин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.

Акыркы убакта “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 181
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X