Шахмат: талапкерлердин таймашы башталды

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Спорт 18

Бүгүн Россиянын Екатеринбург шаарында шахмат боюнча дүйнө чемпиондугуна ат салышчу талапкерлердин ортосундагы таймаш башталды. Азыр норвегиялык Магнус Карлсен аракеттеги дүйнө чемпиону болуп турат. М. Карлсен менен шахмат таажысын талашууга 8 талапкер тандалган. Алар 19-28-апрель күндөрү өз ара эки айлампа ойношот. Ким көп упай топтосо күзүндө Карлсенге каршы ойноп шахмат таажысын талашууга чыгат.  

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Спорт 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X