Шакиранын концертине баргандар үчүн Бишкекте акысыз автобустар каттайт

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

18-октябрда Бишкекте өтө турган Шакиранын концертине келген көрүүчүлөр үчүн «Бишкек Аренага» акысыз автобустар уюштурулат.

Автобустар шаардагы алты жерден жөнөйт:

  • «Вечный огонь» — Ибраимов жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Батыш автобекети — Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
  • «Киркомстром» — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  • «Көк-Жар» конушу — Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Сухэ-Батор көчөсү — «Глобус» дүкөнүнүн жанынан;
  • Темир жол бекети — Эркиндик проспектиси, 1а.

VIP жана VVIP категориясындагы билеттердин ээлери үчүн өзүнчө кирүү жолу жана унаа токтотуучу жай каралат. Аларга атайын уруксат кагаздары берилет.

Ал эми 15тен ашык билет сатып алган туристтик компаниялар жана корпоративдик кардарлар көрүүчүлөрдү стадиондун жанына чейин жеткирип, түшүрүү үчүн уруксат ала алышат. Бирок алардын унаалары үчүн унаа токтотуучу жай каралган эмес.

Уюштуруучулар көрүүчүлөргө концерт өтүүчү жайга эртерээк келүүнү жана акысыз автобустарды пайдаланууну сунушташат.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X