ШКУ ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮ ЖАНА КООПСУЗДУКТУ БЕКЕМДЕЙТ

ШКУнун дүйнөлүк саясаттагы ролу күчөп баратат. Кыргызстан төрагалык учурунда бул уюм аркылуу экономикасын бекемдөө, коопсуздугун сактоо жана региондогу таасирин күчөтүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эксперттер уюмдун экономикалык, инфраструктуралык жана саясий долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өз көз караштарын билдиришти.

— ШКУ уюму бүгүнкү дүйнөлүк саясатта канчалык мааниге ээ жана Кыргызстан төрагалык учурунда бул уюм аркылуу экономикасын, коопсуздугун жана региондогу таасирин кантип чыңдай алат?

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: “ШКУ регионалдык эмес, глобалдык уюм болууга умтулууда”

– ШКУ азыр регионалдык эмес, глобалдык уюм болууга умтулуп жатат. Андан тышкары,  2019-жылдагы Бишкекте өткөн саммиттен кийин ШКУнун платформасына өзгөрүү кирип, жеке эле ага мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун сактоо эмес, экономикалык бакубатчылык маселелери да козголгон. Буга уюм мүчөлөрдүн биргелешкен банкын, финансы институттарын ачуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Быйыл,  сентябрь айында Бишкек шаарында өтө турчу саммиттин күн тартиби боюнча маалыматым жок, бирок, азыркы глобалдык кырдаалдын алкагында эң маанилүү маселелер козголот деп ойлойм.

Кеңешбай Тайлаков, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экс-төрагасы: “ШКУ аймактын транзиттик потенциалын бекемдеп, экономикалык өсүшүнө жол ачат”

– Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Кыргызстан быйыл төрагалык кылып жаткан учур уюмдун 25 жылдыгына туш келгенин жакшы  жышаан катары кабыл алсак болот. ШКУдагы өз ара кызматташтык жана тең укуктуулук принциптерин эске алганда, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет башчыбыз экономикалык жана экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл буруп жатат. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу эң ири долбоор катары эсептелет. Бул аймактын транзиттик потенциалын бекемдеп, экономикалык өсүүлөргө жол ачат. Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаары 2026-жылы ШКУнун туризм жана маданий борбору деп жарыяланганы Кыргызстан үчүн жакшы жышаан болуп саналат.

Эмир Сарпашов, ишкер: “Кыргызстан өзүнүн баркын көтөрүп алса болот”

– Менин оюмча, бүгүнкү күндө дүйнөлүк геосаясатта ШКУ уюмунун орду маанилүү деп эсептейм. Азыркы учурда Жакынкы Чыгышта өтө катаал жагдай түзүлдү. Бул жагдайды чындык жол менен гана чечиш керек. Бул жагдай дүйнөнү эки лагерге бөлдү, көпчүлүк батышты колдоп жаткандай. Бирок чындык чыгыш тарапта. ШКУнун мүчөлөрү дагы толугу менен бир тараптуу эмес. Кыргызстан өзүнүн экономикасын, коопсуздугун жана регионалдык таасирин сактоо үчүн туура чечим жана туура багытка бурууга аракет кылыш керек. ШКУнун аркасынан Кыргызстан өзүнүн баркын көтөрүп алса болот. Биздин өлкөнүн экономикалык катнаштары негизинен чыгыш лагери менен тыгыз байланышкан.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X