ШКУ өлкөлөрү адам укуктарын коргоо боюнча тажрыйба алмашат

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159

23-июнда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук адам укуктарын коргоо органдарынын биринчи консультативдик жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн укук коргоо институттарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү катышат.

Жыйындын алкагында катышуучулар адам укуктарын коргоо жаатындагы улуттук институттардын ишмердүүлүгүн талкуулап, тажрыйба жана мыкты практикалар менен бөлүшөт. Ошондой эле ар бир өлкө өзүнүн укуктук негиздери жана ыйгарым укуктары тууралуу маалымат берет.

Консультациянын жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, биргелешкен билдирүү кабыл алынары күтүлүүдө. Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушуулар жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосунда кызматташтык боюнча меморандумдарды түзүү пландалган.

Форумдун катышуучулары ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушат.

22-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X