«ШКУ плюс»: жогорку деңгээлдеги жыйын башталууда

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

Бишкекте «ШКУ плюс» форматындагы кеңейтилген жыйын башталганы турат.

Учурда катышуучулар «Ырыс Ордо» конгресс-борборуна келип, аларды президент Садыр Жапаров тосуп алууда.

Жыйынга ШКУга мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен катар БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕЭК жана АӨСШКнын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Жолугушууда эл аралык жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары боюнча пикир алмашуу болот.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X