Шылуундар Улуттук банктын кызматкерлеринин атын жамынышууда
Улуттук банк белгисиз адамдар алардын бөлүм башчыларынын жана башка кызматтагы адамдарынын атын жамынып, жарандарга жалган билдирүүлөрү жөнөтүп жаткандыгын маалымдады.
Улуттук банк: «Шылуунда төлөм мекемелеринин, көзөмөлдөгү уюмдардын жетекчилерине мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, укук коргоо органдары менен көйгөйлөр жаралгандыгын кабарлашууда. Алар жаранды ынандырыш үчүн Улуттук банктын бөлүм башчыларынын жана башка кызматтагы адамдардын чыныгы сүрөтүн көрсөтүшүүдө. Кийин өзүн УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкери, деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранат. Алар шылуундар экендигин Улуттук банк эскертет! Этият болуп, эч убакта мындай өндүү билдирүүлөргө ишенбеңиз. Эч качан бейтааныш адамдарга акча которбоңуз. Улуттук банк кылмыш иштерине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн эч качан кызмат көрсөтүүнү сунуш кылбаганын эсиңизден чыгарбаңыз. Жарандарга телефон чалбайт, банк эсебинен акча которууну сурабайт жана ушул сыяктуу кызмат көрсөтпөйт. Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке тараптарга тейлөө жүргүзбөйт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Этият болуңуз! Өзүңүздү алдаганга жол бербеңиз!» — деген кайрылуусун билдирди.