Шымкентте дарыгерлер өспүрүмдүн ашказанынан 1 килограммдык чач түйүнүн алып чыгышты
Шымкентте дарыгерлер 2011-жылы туулган өспүрүмгө шашылыш операция жасап, анын ашказанынан дээрлик 1 килограмм салмактагы чачтан пайда болгон тыгыз түйүндү алып чыгышты.
Маалыматка караганда, өспүрүм ооруканага кайрылгандан кийин кабыл алуу бөлүмүндө текшерүүдөн өткөн. Дарыгерлер ага УЗИ жана компьютердик томография жүргүзүп, ашказанында бөтөн зат бар экенин аныкташкан.
Хирургдар дароо операция жасап, ашказандан узундугу 30 сантиметрге жеткен, салмагы болжол менен 1 килограмм болгон чач түйүнүн чыгарышты.
Дарыгерлер мындай абал өз убагында аныкталбаса, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилешти. Учурда өспүрүмдүн абалы көзөмөлдө.