Смартфондор үчүн сынбас айнек жасалды

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 25

Андай айнектин прототибин канадалык окумуштуулар жасашканын Science илимий журналы жарыялады деп жазды “Азаттык”. Маалыматта Макгилл университетинин (McGill University) адистери сунуштаган айнек жөнөкөй айнектен беш эсе туруктуу жана үч эсе бекем экендиги айтылат. Ал бири-бирине кыналган бөлүкчөлөрдөн турган кадимки перламутрдун ички түзүлүшүнө окшоштурулуп жасалган. Буга чейин Кытайдагы Яньшань университетинин окумуштуулары эң бекем жана катуу айнек жасай алышканы белгилүү болгон. Аны окумуштуулар күн батереясы катары да колдонсо болот деп айтышканы бар.

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X